• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. 11 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 11 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканаларда жалпы 473 адам дарыланууда.

“11 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 90 адамдын абалы орточо оор, 372 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-июнга карата коронавирус жуктурган 36 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2129ду түзөт. Алардын ичинен 1630 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий