• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19. 12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтапканаларда коронавирус жуктурган 587 адам дарыланууда.

"12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. 74 адамдын абалы орточо оор, 501 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-июнга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1899ду түзөт. Алардын ичинен 1292 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий