• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: 13 миң 302 жарандан коронавирус оорусуна анализдер алынды – Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жалпысынан 13 миң 302 жарандан коронавирус оорусуна анализдер алынды. Анын ичинен 7 миң 96 жарандын анализи толук чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 49, Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 7 , Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

"Калган 7 миң 12 жарандын анализи оору жок экендигин көрсөттү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий