COVID-19: 13 стационар бейтаптарды кабыл алуу үчүн багыттарын өзгөртүштү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 13 стационар коронавирус инфекциясын жуктурган бейтаптарды кабыл алуу үчүн багыттарын өзгөртүштү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, алардын 87и - интенсивдүү терапия.

"Азыр 1315 орундук резервде, алардын ичинен 119 орундук интенсивдүү реанимациялык жардам көрсөтүү үчүн камдалган", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий