• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. 32 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 32 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканаларда 597 адам дарыланууда

“32 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 110 адамдын абалы орточо оор, 368 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус жуктурган 100 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2472ни түзөт. Алардын ичинен 1847 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 28 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий