• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. 33 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, коронавирус жуктурган 631 адам дарыланууда болууда.

“33 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 104 адамдын абалы орточо оор, 378 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 116 кишини жаңы алгоритм боюнча үй изоляторуна чыгарып, кармап жатабыз”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2562ни түзөт. Алардын ичинен 1901 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий