• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. 370 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 370 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын билдиргени боюнча, коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор.

"Анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 51 адамдын абалы орточо оор, 301 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313тү түзөт. Алардын ичинен 929 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий