• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: 375 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 375 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 375 адамдын ичинен 161и Бишкекте дарыланып жатат.

"Ош шаарынан – 11, Ош облусунан – 22, Жалал-Абад облусунда – 32, Нарын облусунда – 82, Чүй облусунда – 54, Ысык-Көл облусунда – 3 жана Баткен облусунда 10 адам ооруканада дарыланып жатат", - деди ал.

Учурда коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын ичинен алты киши реанимацияда жатат.

"51 бейтаптын абалы орточо оор, 311 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус жуктурган 78 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216ны түзөт. Алардын ичинен 827 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий