• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. 45 бейтаптын абалы оор − 10 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 45 бейтаптын абалы оор, анын ичинен 10 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал билдиргендей, азыркы тапта ооруканаларда 607 адам дарыланууда. Алардын ичинен 45 бейтаптын абалы оор − 10 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 174 адамдын абалы орточо оор, 388 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Оорунун белгилери байкалбаган 817 бейтап жаңы алгоритмге ылайык үй көзөмөлүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус жуктурган 163 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3519ду түзөт. Алардын ичинен 2054 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий