• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. 586 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 586 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат.

"79 адамдын абалы орточо оор, 495 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-июнга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1871ди түзөт. Алардын ичинен 1265 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий