• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. 628 бейтап ооруканаларда дарыланууда, 16 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 628 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен оор абалда болгон 16 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ошондой эле оорунун белгилери жок 3 миң 859 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирус жуктурган 283 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7377ни түзөт. Алардын ичинен 2802 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 88 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий