• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. 631 бейтап ооруканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 631 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, ооруканада дарыланып жаткан 119 адамдын абалы оор − 25 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 412 бейтаптын абалы орточо оор, 100 кишинин абалы канааттандырарлык. Ошондой эле оорунун белгилери байкалбаган 5 миң 918 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-июлга карата коронавирус жуктурган 552 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 9910ду түзөт. Алардын ичинен 3236 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 125 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий