• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. 633 адам ооруканаларда дарыланууда, 1366 бейтап үй көзөмөлүнө чыгарылган

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 633 адам ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, ооруканада дарыланып жаткан 633 адамдын ичинен 46 бейтаптын абалы оор − 10 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 224 адамдын абалы орточо оор, 363 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле коронавирус жуктуруп, бирок оорунун белгилери байкалбаган 1366 бейтап үй көзөмөлүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-июнга карата коронавирус жуктурган 250 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4204тү түзөт. Алардын ичинен 2162 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий