• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. 638 бейтап ооруканаларда дарыланууда, 3 миң 398 киши үй көзөмөлүндө болууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 638 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 99 кишинин абалы оор − 19 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 312 кишинин абалы орточо оор, 227 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле оорунун белгилери жок 3 миң 398 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жуктурган 506 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ни түзөт. Алардын ичинен 2655 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий