COVID-19. 670 бейтап ооруканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 670 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 24 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ошондой эле оорунун белгилери байкалбаган 6 миң 440 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-июлга карата коронавирус жуктурган 719 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 10629ду түзөт. Алардын ичинен 3387 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 132 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий