• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. 716 бейтап ооруканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 716 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын ичинен 88 бейтаптын абалы оор − 26 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 275 адамдын абалы орточо оор, 353 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди ал.

Ошондой эле оорунун белгилери жок 1957 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жуктурган 269 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5017ни түзөт. Алардын ичинен 2294 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 50 адам каза болду

Пикир

Оставить комментарий