• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. 98 кишинин абалы оор, анын ичинде 21 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 98 кишинин абалы оор, анын ичинде 21 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда 602 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.

"98 кишинин абалы оор, анын ичинде 21 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 324 бейтаптын абалы орточо оор жана 180 бейтаптын абалы канааттандыралык. Ошондой эле оорунун байкалбаган 4 миң 524 бейтап үй көзөмөлүндө болууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус жуктурган 450 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ди түзөт. Алардын ичинен 2916 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий