• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 Ак үйдө. Карантинге жабылышы мүмкүнбү? – Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Ак үйдө иштегендерде коронавирус аныкталып жаткандыктан Ак үй карантинге жабылышы мүмкүнбү деген суроого жооп берди.

Алгач ага “эмнеге коронавирус жуктурган Жогорку Кеңештин депутаттарынын аттары айтылбай жатат?” деген суроо узатылды.

“Депутаттардын аттарын айтуу этикага туура келбейт. Азыркы күнү алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Бүгүнкү күнү бир эле Ак үйдө эмес, бардык министрликтерде коронавирус аныкталган учурлар болуп жатат. Санитардык нормаларды сактайлы, мүмкүн болсо аралыктан иштөө туура болот”, - деди ал.

Анын айтымында, Ак үйдү карантинге жабуу маселеси комиссия аркылуу чечилет.

“Бүгүн пленардык чогулуш болот. Аны эпидемиологдор менен бирге комиссия изилдеп туруп, чечим кабыл алынат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий