• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Акыркы эки күндө коронавирусту жуктургандардын канчасы сырттан келгендер?

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов акыркы эки күндө коронавирусту жуктуруп алган жарандардын канчасы сырттан келгенин айтты.

Ал маалымдагандай, акыркы эки күндө коронавирусту жуктурган 23 (10+13) жаңы учур аныкталды.

"Илдетти жуктуруп алган 23 адамдын ичинен төртөө сырттан келгендер, башкача айтканда, чек арадан өткөндөр. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраагы жергиликтүү (ички) жуктуруу", - дейт Мамбетов.

Ал кошумалагандай, жуктуруунун 19 ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар жана 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан кечээ Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий