• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Акыркы суткада 19,5 миңден ашуун адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 19 миң 529 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 553 адам вакцинанын биринчи дозасын, 11 миң 976 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 671 миң 382 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 424 миң 458 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий