• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Акыркы суткада 2 миңге жакын адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 966 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 951 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 15 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 978 миң 653 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 751 миң 407 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий