• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Акыркы суткада 249 адамдан жаңы табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 84, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусу - 16 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 498 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 744 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 714 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 842 киши айыгып чыкса, 2 миң 468 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий