• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Бир суткада 5,7 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 5 миң 785 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 565 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 220 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 836 миң 29 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 631 миң 598 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий