• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Акыркы суткада 6 миң 507 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 6 миң 507 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 230 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 277 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 226 миң 671 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 11 миң 247 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий