• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Акыркы суткада 7 миң 92 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 92 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 677 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 415 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 223 миң 170 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 7 миң 841 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий