• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Акыркы суткада 9 миң 94 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 31.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 94 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 650 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 444 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 977 миң 687 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 750 миң 307 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий