• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Акыркы суткада 91 адамдан жаңы аныкталып, 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-октябрга карата коронавирус дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 57, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 87 адам илдеттен сакайып чыгып, 3 бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 455 бейтап, амбулатордук түрдө 596 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 407 киши айыгып чыкса, 2 миң 627 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий