• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Акыркы суткада бустердик дозаны 1,9 миң адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 1 миң 976 адам алган. Алсак, Бишкекте 175, Ош шаарында 138, Чүй облусунда 158, Ош облусунда 392, Талас облусунда 71, Нарын облусунда 116, Ысык-Көл облусунда 268, Жалал-Абад облусунда 474, Баткен облусунда 184 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 5 миң 484 адам алды, жалпы 1 млн 365 миң 711 адам;

- экинчи дозасын 752 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 112 миң 645 адам;

- бустердик дозаны 1 миң 976 адам алды, алардын жалпы саны 83 миң 276 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий