• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Акыркы суткада бустердик дозаны 2,1 миң адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 2 миң 168 адам алган. Алсак, Бишкекте 212, Ош шаарында 156, Чүй облусунда 118, Ош облусунда 372, Талас облусунда 114, Нарын облусунда 123, Ысык-Көл облусунда 260, Жалал-Абад облусунда 597, Баткен облусунда 216 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 5 миң 685 адам алды, жалпы 1 млн 361 миң 778 адам;
- экинчи дозасын 610 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 109 миң 800 адам;
- бустердик дозаны 2 миң 168 адам алды, алардын жалпы саны 80 миң 601 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий