• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Акыркы суткада дээрлик 26 миң адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 25 миң 954 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 884 адам вакцинанын биринчи дозасын, 18 миң 70 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 649 миң 189 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 387 миң 969 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий