• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Ала-Букада жайма жана мал базардын иши убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жайма жана мал базардын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Букада жума жана ишемби күндөрү жергиликтүү тургундар үчүн мал базар менен кийим сатуучу жайлар иштеп келген. Ал эми жекшемби күнү Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун тургундары борбордук базарга келип, жайма базар менен мал базар иштечү.

“Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу райондук штабдын чечиминин негизинде бул базарлар ишин белгисиз мөөнөткө убактылуу токтотот. Буга байланыштуу Ала-Бука райондук милициясынын кызматкерлери аталган базарларда эл арасында эскертүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мал базарга алыскы аймактардан келүүчү тургундарга убактылуу иштебей тургандыгына байланыштуу мал базарга убара тартып келбөө керектиги эскертилди. Жугуштуу илдет азыркы учурда азайбай жаткандыгы, тургундар бул кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алып, оору менен күрөшүүдө жоопкерчиликтүү болуу керектиги айтылды”, - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан белгилешкендей, милиция кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте көңүл ачуу борборлорунда, соода түйүндөрүндө, коомдук тамактанууу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүгө алышууда.

Пикир

Оставить комментарий