• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Алматыда күнүнө 100дөй адам стационарларга жаткырылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында күнүнө 100дөй адам жугуштуу оорулар стационарларына жаткырылууда. Бул тууралуу шаардын акими Бакытжан Сагинтаев брифингде билдиргенин Tengrinews.kz. сайты жазып чыкты.

Анын айтымында, 1-сентябрга чейин керебеттердин санын 6 миңге жеткирүү пландалууда.

“Бүгүн 113 адам жаткырылды. Бейтаптардын 64ү жандардыруу бөлүмүндө, 24ү өтө оор абалда, 349 адамдын абалы оор болууда. Ал эми 1 миң 264 адамдын абалы орточо оор жана 135 киши канааттардырарлык абалда жатат”, - дейт аким.

Анын маалыматында, шаарда 19 стационарда 4 миң 232 орундук даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий