• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Бүгүндөн тарта Ош шаарына башка аймактын жашоочулары кире албайт

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турчу 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Бул блок-посттордо санитардык кызматтардын кызматкерлери дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын текшеришет.

"Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий