• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Бүгүнкү күнү приоритеттүү, кооптонуу менен көзөмөлгө алган 4 топ бар – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү приоритеттүү, кооптонуу менен көзөмөлгө алган 4 топ бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө көңүл бура турган, приоритеттүү 4 топ бар болууда. Аларга жүк ташуучу айдоочулар, медицина кызматкерлери, күч органдарынын кызматкерлери жана чет жактан келе жаткан мекендештер кирет.

"Учурда эпидемиологиялык абалга тийиштүү бир маселе бар. Бүгүнкү күнү приоритеттүү, кооптонуу менен көзөмөлгө алган топтор бар. Алыстан оор жүк ташуучу унааларды айдап келген айдоочулар өзүнчө топту түзүп, биз буга тыкыр көзөмөл жүргүзүп жаткан учурубуз. Алар биздин чек арадан өтүп жатканда тесттер алынып, бара турган жерине жеткенче Транспорт министрлигинин кызматкерлери коштоп барат. Бүгүнкү күнгө карата 6 жаңы учур катталса, анын үчөөсү жүк ташыган айдоочулардан табылды. Дагы бир киши Казакстандын жараны болгон. Ал жүктү түшүрүп, Казакстанга чыгып кеткен. Өлкөгө кирип жатканда андан ПЧР-тест алынган. Анын анализи оору бар экенин көрсөттү. Биз бул боюнча коңшу мамлекеттин Кордай районунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине маалымат бердик. Экинчи кооптуу топто четтен келип жаткан мекендештер болуп жатат. Мындан мурдараак 2 миңден ашык жаран келет деп айтылган. Алардын баары обсервацияга жаткырылып, медициналык көзөмөлдөн өткөрүлүп, лабораториялык жол менен текшерилгенден кийин алгоритмге ылайык үй карантинине чыгарылат. Үй карантининде 14 күн болушат. 13-14 күн өткөндөн кийин кайра лабораториялык жол менен текшерүү жүргүзүлүп, андан кийин үй карантининен чыгарылат", - деди ал.

Ошондой эле дагы бир көңүл бура турган топко өзүнүн кесибине байланыштуу медицина кызматкерлери кирүүдө. Анткени алар өзүнүн ишине байланыштуу коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болушат. Аны менен бирге көңүл бурулушу керек болгон топко күч органдарынын кызматкерлери кирет.

Пикир

Оставить комментарий