• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19: Бүгүнкү күндө дээрлик 25 миң медкызматкерге кенемте төлөнүп берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө 24 миң 933 медкызматкерге кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Акылбек Калыков брифингде билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлерге кенемте төлөө үчүн ММКФнын бюджетинен 233,7 млн сом акча сарпталды.

“Бүгүнкү күндө 24 миң 933 медкызматкер кенемтелерин алышты. Алардын ичинен 5 миң 307 дарыгер, 9 миң 556 орто медперсонал, 3 миң 398 кенже медперсонал, 2 миң 671 башка кызматкерлер. Ошондой эле инфекциянын очогунда иштеген медиктерге кенемте менен камсыз кылуу үчүн жалпы 503,16 млн сом акча каражаты жумшалды. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана медайымдарга эмгек акысына кошумча төлөм катары 167,6 млн сом акча төлөнүп берилди”, - дейт ал.

Калыков кошумчалагандай, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо боюнча стационардык деңгээлде чечим кабыл алды.

“Бишкек шаарында 13 күндүзгү стационар жана эки түнкү стационар иштөөдө жана саламаттык сактоо уюмдарынын аймагында кошумча 12 жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий