• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 миң 498 орундук ишке киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус менен ооруган жарандарды жаткыруу үчүн 1 миң 498 орундук ишке киргизилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ооруканаларда кошумча орундуктарды түзүү боюнча план иштелип чыкты.

“Планга ылайык, зарыл болгон учурда 11 миң 237 орундук ачуу каралды. Анын иичинен Бишкекте 1 миң 164, республикалык саламаттык сактоо уюмдарында 1 миң 752, Чүй облусунда 1 миң 352 орундук, калгандарын аймактарда ачуу пландаштырылууда”, - дейт ал.

Бектурганов бейтаптардын саны өсө турган болсо, биринчи этапта жандандыруу, жугуштуу, төрөт, педиатр бөлүмдөрүндө 6 миң 330 орундук ачылышы керектигин айтат.

“Экинчи этапта кардиология, терапия, неврология бөлүмдөрүндө 4 миң 907 орун ачылышы кажет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 миң 498 орундук ишке киргизилди. Анын 162си интенсивдүү палатасы. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарында жасалма дем алдыруучу 3 миң 246 аппараты, 8 миң 234 кычкылтек концентратору бар”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий