• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Байланышта болгондор көп болууда. Саламаттык сактоо министрлиги социалдык дистанцияны сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны көп болуп жатканын айтып, социалдык дистанцияны сактоого чакырды.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жарандар социалдык дистанцияны сактабай, коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгон адамдардын саны көп болуп жатат.

"Байланышта болгон адамдардын саны көп болуп жатат. Оорунун белгиси билинбеген адам менен байланышта болуп, вирус башка кишиге жуккан учурлар болууда. Себеби, ортодогу аралыкты сактаганга көңүл бурбай жатабыз. Байланышта болгондор тууралуу айта кетсек, мисалы, Нарын облусунда бир жараныбыз Ак-Талаа районуна кызматтык иши боюнча барып, ал жакта башка адамдар менен байланышта болуп, алар вирусту жуктуруп алган. Коронавиус жашы өтүп калган адамдарга кооптуу болуп жатат. Ак-Талаада коронавирус 74 жаштагы карыяга, балдарга жуккан. Мына бир киши барып бир топ кишиге жугузуп коюп жатат. Бул башка жакта болуп жатат деген сезимде болуу туура эмес. Гигиеналык шарттарды, социалдык аралыкты сактасак вирусту жугузган бир топ учурлар болбойт эле деп эсептейм. Сандарга токтоло кетсем, маселен Бишкекте коронавирус жуктурган 348 учур болуп жатат. Анын ичинен 52си сырттан келгендер. Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 727 кишини түзөт. Алардын баары текшерилип, 307си медициналык көзөмөлдөн чыгарылды. 124 адам байланышта болгон адам катары көзөмөлдө туруп жатат. Чүй облусунда сырттан жугузуп келген 25 учур болгон. Учурда облуста вирус жуктургандардын саны 108ге жетти. Нарын облусунда сырттан келген 3 учур болгон. Учурда ал жакта коронавирус жуктурган 242 учур катталды. Коронавирус жуктургандар менен 1 миң 565 киши байланышта болгон. Бүгүнкү күнү 746 адам көзөмөлдө турууда. Биз бири-бирибизге жакын жүрүп жатабыз. Аралыкты сактап, балдарды да ага үйрөтсөк", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-майга карата коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350нү түзөт. Алардын ичинен 949 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий