• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Баткенде дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү (видео)

COVID - 19 0


Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Баткенде өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарды дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бергөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлорунун кызматкерлери 230 мечитте жана 5 медреседе дезинфекция иштерин жүргүздү.

Ошондой эле 13 мектепте, 7 орто жана жогорку окуу жайда, 17 мектепке чейинки мекемеде, 81 коомдук тамактануу жайында, 33 саламаттык сактоо мекемесинде, 8 аскердик бөлүгүндө, 5 ӨКМ бөлүмүндө жана 4 базарда дезинфекциялык иштери аткарылды.

Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында жарандардын турак үйлөрү да дезинфекцияланды.

“Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган, алардын 49у кичи ажылыктан келгендер. Булардын ичинен 21 жаран изоляторго жайгаштырылды. Бүгүнкү күнгө облустун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор даярдалган”, - деп айтылат маалыматта.

Коӊшу мамлекеттер менен чек аралаш аймактарына блок посттор коюлууда.

Пикир

Оставить комментарий