• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Базар-Коргондо жугуштуу илдеттин алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Базар-Коргон РИИБдин өздүк курамы тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, район аймагында COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча райондук ыкчам штабдын мүчөлөрү менен бирге түшүндүрүү иштери алып барылып жатат. Жугуштуу оорунун калктын арасында жайылып кетүүсүн болтурбооо максатында 1 базар жана 10 чоң соода түйүндөрүнүн санитардык эрежелери текшерилди.

12-октябрь күнү райондук санэпидстанция кызматкерлери тарабынан Базар-Коргондун борбордук базары толугу менен дезинфекциядан өткөрүлдү. Ошондой эле 7 соода борборлорунда жана 12 майда соода дүкөндөрүндө дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен кызматкерлер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бегимкулов көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн тургундарына айыл башчы менен биргеликте санитардык нормалардын сакталышы эскертилди. Жарандарга жеке гигиенаны сактоосу жана тиешелүү медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий