• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Бейтапканаларда 531 киши дарыланууда. 27 бейтаптын абалы оор

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 531 адам ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 27 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

“100 адамдын абалы орточо оор, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 35 бейтап (эртең мененки маалга карата) ооруканага алынып келет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус жуктурган 87 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2372ни түзөт. Алардын ичинен 1813 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий