• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Бейтапканаларда 558 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 558 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирус жуктурган 10 адамдын абалы оор, анын ичинен алты киши реанимацияда жатат. 88 адамдын абалы орточо оор, 460 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-майга карата коронавирус жуктурган 68 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1662ни түзөт. Алардын ичинен 1088 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий