• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Бейтапканаларда 574 адам дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 574 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавируска чалдыккан 12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. 84 адамдын абалы орточо оор, 479 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-июнга карата коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1936ны түзөт. Алардын ичинен 1340 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий