• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19. Өлкө боюнча бейтаптар үчүн 15,3 миң госпиталдык орун даярдалды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн өлкөдө 15,3 миң госпиталдык орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, учурдагы пандемия маалында аларга бир нече негизги милдеттер жүктөлгөн: тиешелүү шарттары бар обсервация жана госпиталдык жайларды даярдоо; дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү; бейтап жана медицина кызматкерлерин үч маал тамак менен камсыз кылуу; гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, аларды сактоо жана жерине жеткирүү.

"Бүгүнкү күнү министрлик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги менен биргеликте госпитализация үчүн, күңдүзгү, түнкү стационарларда 29 миң 337 орун даярдалды. Анын ичинен госпитализация үчүн орундардын саны15 миң 339ду түзөт. Күндүзгү стационарларда 14 миң 231 орун, түнкү стационарларда 417 орун даярдалган", - деди ал.

Анын айтымында, бейтаптарды госпитализация кылуу үчүн Чүйдө 1 миң 213 орун, Нарында - 1 миң 136, Таласта - 520, Ысык-Көлдө - 1 миң 158, Баткенде - 2 миң 8, Жалал-Абадда - 1 миң 976, Ошто - 2 миң 915, Ош шаарында - 1 миң 326 жана Бишкекте 3 миң 87 орун даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий