• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынды - Сурабалдиева

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Пневмония менен ооруган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева билдирди.

“Учурда ар бир облуска бирден компьютердик томограф сатып алуу боюнча пландар бар. Донорлор табылган, сатып алуу иштери боюнча процесстер жүрүп жатат. Ошол эле учурда бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий