• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Бейтаптарды ысык тамак менен камсыздоого 34,3 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Обсервация жана стационарларда дарыланып жаткан бейтаптарды ысык тамак менен камсыздоого жалпы 34,3 млн сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, дарыланып жаткан 29 миң 187 жаранга 676 миң 844 порция тамак берилген.

“Буга кеткен чыгымдын жалпы саны 34 млн 306 миң 400 сомду түздү. Ар бир порциянын баасы 50-100 сомду түзүп жатат. Ошондой эле 3 миң 909 медкызматкер, ИИМдин 310, ӨКМдин 331 кызматкерине тамак берилүүдө”, - дейт ал.

Мамбетов кошумчалагандай, өлкө боюнча жалпы 56 млн метр жол дезинфекцияланды. 10 млн метрден ашык имараттардын ичи жана 45 млн метр имараттардын сырты залалсыздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий