• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Беларусь Республикасынан 5,4 тонна дары-дармектен турган жүк келет

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жалпы салмагы 5,4 тонна болгон дары-каражаттары Минск шаарынан (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилет.

Бул аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогору болуп жаткан суроо-талапты канааттандыруу максатында ата мекендик фармацевтикалык компанияларга дары каражаттарын алып келүүгө көмөк көрсөттү. Бул дары-дармектер калкка жеткиликтүү баада сатылат.

Пикир

Оставить комментарий