• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19: Беш адам амбулатордук дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 3-майга карата сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, илдеттен сакайгандар жана каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда беш адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 405 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий