• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Бир күндө 8 миң 519 адам вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 519 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 859 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 758 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 219 миң 276 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 4 миң 309 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий