• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Бир күндө коронавирусту аныктай турган 1 миң 133 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Бир күндө коронавирусту аныктай турган 1 миң 133 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 17-апрелге карата өлкөдө коронавирус 489 адамга жуккан.

"5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн жалпы саны 30 миң 379ду түзөт. Коронавирусту аныктай турган 29 миң 550 изилдөө жүргүзүлдү, ал эми сутка ичинде 1 миң 133 изилдөө болгон", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкер. Коронавирустан 114 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий