• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Бир суткада 11 миң 43 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 43 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 425 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 618 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 876 миң 740 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 662 миң 54 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий